ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы босого баллы бекитилди

Университеттерге босого балл же андан жогорку упай алган абитуриенттер гана кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуудагы босого баллды бекитти.
Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.
Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы 115, предметтик тест 60 болуп бекиди. Акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.
I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест 105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест 100 балл болуп бекитилди.
Жогорку окуу жайларга босого балл же андан жогорку упай алган абитуриенттер гана кабыл алынары эскертилди.
Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат