Президенттин тууганы Улан Жапаров кайсы кылмышка шектелип кармалганы айтылды

Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы экени расмий тастыкталды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбековдун айтымында, ал Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу.

"Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды. Президент кимде-ким мыйзам бузса жакыны экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт. Ошондой эле президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", — деп жазды Орунбеков.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчы бул тууралуу угары менен шектүүлөргө карата бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү талап кылганын билдирди.
“Бул окуя коррупция менен күрөш тандалма болбой турганын дагы бир ирет айгинелеп жатат. Эгер бул иш коррупция менен байланыштуу болсо, милдеттүү түрдө зыяндын ордун толтурат. Бул мамлекет башчынын талабы”, — деди Султанбаев.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июлга чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулганын билдирди. Ачык булактардагы маалымат боюнча, 32 жаштагы Улан Жапаров Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.
Садыр Жапаров бир тууганынын алтын куйма кармап түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берди