Кыргызстанда доллардын баасы өсүп, рубль арзандоодо

Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын баасы жогорулап, рубль төмөндөөдө.
4-июлда банктар долларды 88 сомдон, 5-июлда 88,22 сомдон сатса, бүгүн, 6-июлда, саат 10:30га карата бир доллар 88,24 сомду түздү.
Ал эми рубль 4-июлда 0,97 сомдон, 5-июлда 0,95 сомдон, 6-июлда (саат 10:30га карата) 0,94 сомдон сатылып жатат.
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталууда