КРСУнун мугалими кайсы кесип жогорку маяналуу экенин айтты

Адис эгер студент жакшы билим алса, ага эң кызыктуу иш берүүчүлөрдүн эшиги дайыма ачык экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда экономисттер абдан көп деген кеп — миф. Бул тууралуу КРСУнун экономика жана ишканалардагы башкаруу кафедрасынын жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Людмила Субачева Sputnik радиосундагы маегинде билдирди.
Ал бул тармактагы мыкты адис жогорку маяналуу жумушка оңой эле орношо турганын белгиледи.
"Менин бүтүрүүчүлөрүм банктарда, байланыш сфераларында, жеке ишканаларда иштеп жатышат. Бардык уюмдардын иш модели бирдей. Бухгалтердик документтерди түшүнгөн экономист-башкаруучуларга суроо-талап ар дайым болот. Эмгек рыногу экономисттер менен юристтерге толуп калды деген кеп — миф", — деди Субачева.
Анын айтымында, эгер студент жакшы билим алса, ага эң кызыктуу иш берүүчүлөрдүн эшиги дайыма ачык болот.
Радио
Өлкөдө 127 кесип боюнча арзандатылган курстар иштеп жатат