6-июлга карата аба ырайы

6-июлга караган түнү өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бейшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас өрөөнүндө +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +22...+27, ал эми Нарында +21...+26 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +28...+30, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Сибирь дайраларын Борбор Азияга буруп суу тартыштыгын жоюу. Демилге канчалык орундуу?