Акылбек Жапаров Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайларды барып көрдү

"Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайын "Дальнееге" айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергиликтүү эл каршылыгын билдирүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт. "Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жумгал районунун (Нарын) Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды

2 / 4

Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар

3 / 4

Учурда "Как" рекультивацияланууда, жүргүзүлүп жаткан иштер үстүбүздөгү жыл ичинде бүткөрүлөт

4 / 4

"Талды-Булак" "Дальнее" жайына көчүрүлүүдө. Ташуу иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда

Ал эми "Туюк-Суу" уран калдыктары сакталган жайын "Дальнееге" айыл аралаган жол аркылуу ташуу керек болгондуктан жергиликтүү эл каршылыгын билдирген.
Элдин маселесин угуу үчүн Акылбек Жапаров алар менен жолукту. Анда жергиликтүү тургундар эгерде "Туюк-Суу" ачылып, башка жайга көчүрүлө турган болсо ден соолукка зыян келтирээрин айтышты.
Карапайым элдин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү адистердин пикирин уккан Акылбек Жапаров "бардык аткарыла турган иштер мыйзам чегинде болорун жана элдин кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин" билдирди. Жыйынтыгында Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө "Туюк-Сууну" көчүрүү маселесин мындагы жашоочулар арасында "референдум" сыяктуу жол менен чечүүнү жана анын жыйынтыгына жараша министрлер кабинети бир чечимге келерин билдирди.
Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо боюнча россиялык "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы менен Кыргызстандын ортосунда ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер аралык максаттуу программа бекитилген.
Нарын шаарында милициянын аймактык заманбап жаңы жайы ачылды