Кыргызстандык режиссердун киносу эл аралык фестивалга катышат

Фестивалга Россия, Азербайжан, Аргентина, Бразилия, Индия, Иран, Кыргызстан, Македония, Мексика, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн фильмдер катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. КРдин эл артисти, кинорежиссер Марат Сарулунун "Миң кыял" тасмасы Таллинде өтө турган Patriki Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фонду кабарлады.
Сынак 1-июлдан 30-июлга чейин созулуп, кыргызстандык режиссердун тасмасы "Толук метраждуу фильмдер" номинациясында көрсөтүлөт.
"Миң кыял" — сүрөт дүйнөсүнө баш-оту менен кирген Арсен, анын мурдагы жубайы Румиянын азыркы көңүлдөшү Назар тууралуу чыгарма. Тасмада чыныгы жана кыялдагы дүйнө аралашкан чыгармачылык турмуштун ааламы көрсөтүлөт.
Patriki Film Festival 2018-жылы Россияда негизделген. Ошол учурдан бери анын аудиториясы 300 миң адамга өсүп, тасмаларды онлайн-форматта 1 миллиондон ашык киши көрдү.
Фестивалга Россия, Азербайжан, Аргентина, Бразилия, Индия, Иран, Кыргызстан, Македония, Мексика, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн фильмдер катыша алат.
Марат Сарулу 2023-жылдын 9-мартында 66 жашында көз жумган. Анын соңку белгилүү кинокартинасы "Көч" деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.
Радио
Костюк: фестиваль, конкурстарга улутту уят кылган фильмдерди жибербесек