79 жыл мурда Минск бошотулган. Кайдыгер калтырбаган видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. 1944-жылдын 3-июлунда советтик аскерлер Минскини немецтик-фашисттик баскынчылардан бошотушкан.
Советтер Союзунун маршалы, Советтер Союзунун төрт жолку баатыры Георгий Жуковдун эскерүүсү ал кездин картинасын көз алдыга толук тартып берет.
"Беларустун борборун таанууга болбой калган. Жети жыл Минскидеги бригада менен полкто командачылык кылдым. Ар бир имаратын, маанилүү болгон жайларын, көпүрөлөрдү, парктарды, стадион, театрларды жакшы билчүмүн. Эми мунун баары уранды алдында калды. Турак жай кварталдары топуракка айланды", — деген ал.
Колбашчы элдин кандай абалда калганын сүрөттөгөн.
"Жанды кейиткени — Минскинин жашоочуларынын кордолгону, кор болгону эле. Арыктап, кыйналып, муңайым тартып калышкан", — деп эскерген ал.
80 жыл мурда кандуу Ржев согушу аяктаган. Тарыхый видео