Ноутбукту тизеге коюп иштөө анын бузулушуна себеп болот. Адистин кеңеши

Ноутбуктун сыртын атайын каражаттар менен ай сайын, ичин жылына бир жолу чаңдан тазалап туруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ноутбукту тизеге же башка жумшак жерге коюп иштетүүдө анын процессорду муздатып турган вентиляция тешиктери бүтөлүп калышы мүмкүн. Бул компьютердин иштөө мөөнөтүн кыскартып, бузулушуна себеп болорун МТСтин чекене тармагынын "Электроника" категориясынын директору Нина Пластинина РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ар бир зым белгилүү бир деңгээлдеги чыңалууларды өткөрүү үчүн иштелип чыккандыктан, кубаттагыч түзүлүшкө да көңүл буруш керек.
"Ноутбукту туура кубаттоо керек. Электр кубаты өйдө-ылдый боло берсе да иштен чыгып калышы мүмкүн. Андыктан ноутбукка өзүнүн гана кубаттагычын колдонуу сунушталат", — деп түшүндүрдү адис.
Мындан тышкары, бул техниканы маал-маалы менен тазалап туруу керектиги айтылды. Сыртын атайын каражаттар менен ар ай сайын, ичин ар жыл сайын чаңдан тазалоо зарыл.
Адис ошондой эле аккумуляторго көңүл буруу керектигин, андыктан ноутбукту кубаттагычка туташтырылган бойдон калтырбоо зарылдыгын кошумчалады.
Жүрөккө зыян төрт адат. Кардиологдон кеңеш