3-июлга карата аба ырайы

3-июлда түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Таласта +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +32…+37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +23…28 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте +33…+35, Ош калаасында +35…+37, Чолпон-Атада +24…26 градус ысыйт.
Жаанчыл болот. Кыргызстан боюнча 8-июлга чейинки аба ырайынын божомолу