Кыргызстан Казакстанды айланып өтүп, Россия менен соода жүргүзө алат

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Казакстанды айланып өткөн жаңы транспорт коридору аркылуу Россия менен соода жолун ача алат. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазды.
Россияга каттам Кыргызстандан Өзбекстан менен Түркмөнстандын аймагы аркылуу Түркмөнбашы деңиз портуна чейин, андан ары Каспий деңизи аркылуу өтөт. Бул тууралуу Астрахань облусунун губернатору Игорь Бабушкин билдирди. Ал "астрахандык жүк ташуучу компаниялар бул долбоорго катышууга даяр" экендигин жазган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнө орток санарип валюта зарылбы?