Жапаров Чаткалдагы аэропортту "Манас" аэропортунун балансына кайтарууну тапшырды

Өлкө башчы аталган объект облустук мамлекеттик администрациянын балансына мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аэропортту "Манас" эл аралык аэропортунун балансына кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчы "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна капсула салган иш-чарада айтканын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы аэробекеттер жайгашкан аймагынын эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин жүзү катары каралышы зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле ал Каныш-Кыя айылындагы аэропорт 2000-жылдары эле облустук администрациянын балансына мыйзамсыз өтүп кеткен деген маалымат түшкөнүнө токтолду.
"Эгерде бул объектинин ордуна бир нерсе курулса, тургузулса, анда баарын бузууну тапшырам. Силер бул объектини ошол жылдардагы калыбында кайтарып алышыңар керек", — деди президент.
Мамлекет башчы Каныш-Кыя айылындагы аэропорт "Манас" аэропортунун балансына кайтарылгандан кийин 2024-жылы жаңы аэробекеттин курулушун баштап, аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырган. Президенттин айтымында, 30 жыл аралыгында мамлекеттик менчиктеги стратегиялык объектилер жеке колдорго ар кандай максатта өтүп кеткен, учурда аларды кайтаруу боюнча активдүү иштер улантылып жатат.
Садыр Жапаров "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна старт берди