Жогорку Кеңеш сомду чет өлкөдө басып чыгарууга тыюу салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева сомду чет өлкөдө басып чыгарууга тыюу салууну сунуштоодо. Тийиштүү мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Документте Кыргызстандын ичинде соода жүгүртүүнү тек гана сом менен ишке ашыруу талабы жазылган. Мындан тышкары, товарлар менен кызматтардын баасын көрсөтүүдө чет элдик валюталарды колдонууга тыюу салуу сунушталууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров улуттук валютанын банкноталары КРден чыгарыла турганын билдирген. Учурда акча Батыш мамлекеттеринде даярдалып келет.
Сомду киргизүүдө жашыруун комиссия иштеген. Улуттук валюта тууралуу 7 факт