Инвесторго тоскоол болгондор менен өзүм эсептешем! Жапаров "Асман" шаарына капсула салды

Өлкө башчы инвесторлорго сунуш менен кайрылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Асман" шаарынын курулушун баштоо аземинде инвесторлорго кайрылып, мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштоого чакырды.
Өлкө башчы өз сөзүндө 2020-жылга чейин болуп келген терс көрүнүштөргө да токтолгон.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров "Асман" шаарынын курулушун баштоо аземинде инвесторлорго кайрылып, мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштоого чакырды

2 / 4

Өлкө башчы өз сөзүндө 2020-жылга чейин болуп келген терс көрүнүштөргө да токтолгон

3 / 4

Президент, мындан тышкары, инвесторлорго сунуш менен кайрылды

4 / 4

Ал өз сөзүндө Кыргызстан учурда үлгү боло турган экологиялык таза шаар курууга умтулуп жатканын, мындан улам гранттык каражат маселесин эл аралык уюмдар менен талкуулоого ачык экенин белгиледи

"Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейт жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайт. Мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрү же терс элементтер болобу, келип болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып акча талап кылуусуна биз жол бербейбиз. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен же эл ичинен мыйзамсыз аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдук жаратса, аны менен өзүм эсептешем. Инвесторлорго карата андай иштердин чети эле билинсе мыйзамсыз иш аракеттерге баргандар катуу жазаланат", — деди Жапаров.
Президент, мындан тышкары, инвесторлорго сунуш менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Кыргызстан учурда үлгү боло турган экологиялык таза шаар курууга умтулуп жатканын, мындан улам гранттык каражат маселесин эл аралык уюмдар менен талкуулоого ачык экенин белгиледи.
Жапаров кайрылуусунан кийин курулушка капсула салды.
Эскерте кетсек, буга чейин "Асман" шаарын курмак болгон инвесторлор сүйлөп, Ысык-Көлдүн батыш жээгинде (Чырпыкты айылы) футуристтик шаар куруларын, ал “акылдуу”, коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Садыр Жапаров: желген акчаны эки эмес, 5-10 эсе кылып өндүрүүнү карап жатабыз