БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ржев жерине СССР элдеринин каны төгүлгөн. Россиянын, Беларустун, Украинанын, Кыргызстандын, Казакстандын жарандарынын өмүрлөрү кыйылган, жарадар болушкан.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко 2020-жылы Ржев мемориалын ачкан. Бул эстеликти курууга акчанын бир бөлүгү союздук мамлекеттерден түшкөн.
Колодон куюлган жоокердин 25 метрлик эстелиги он метрлик коргондон, андан соң дөбөнүн үстүнөн чыгып, алда кайдан көзгө урунат.
2023-жылы президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачкан.
Миллиондогон өмүрлөрдү жалмаган салгылаш 1942-жылдын 8-январында башталып, бир жылдан ашык мезгилге созулган. Фашисттик баскынчыларга каршы турган советтик жоокерлердин каны суудай аккан. 1943-жылдын 3-мартында Ржевди Батыш фронттун аскерлери бошотуп, 31-мартта Ржев Вяземский плацдармы алынган. Бул салгылашты батышка жылдырып, Москвага жаралган коркунучту жок кылган.
Расмий маалыматтарда 1942-1943-жылдары Ржевдин алдында бул кандуу булоондо миллиондон ашуун советтик жоокерлер, офицерлер курман болгон делет. Ал эми бейрасмий маалыматтарда Ржев согушунда 2 миллиондон ашык аскер курман болгону айтылат.