Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш убакыттан утуп, Украинанын күчүн бекемдеп алууга ниеттенүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Батыш Украинанын согуштук күчүн бекемдеп алуу үчүн убакыттан пайдаланып калууга аракеттенип жатат. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров брифингде айтты.
"Менин баамымда, алар (Батыш – ред.) чатакты убактылуу тоңдуруп коюп, убакыттан утуп, анын ичинде Украинаны кайрадан курал-жаракка толтуруу аракетинде", — деген Лавров.
Анын айтымына караганда, Батыш өлкөлөрү Украинада жаңы инфраструктураны түзүп, Киевге "жаңы өлүмдөрдү жараткан, узак аралыкка учуучу куралдарды" берүү ниетинде. Буга чейин АКШнын Украинага 500 миллион доллар суммасындагы курал-жарак боюнча жаңы жардамдын пакетин карай турганы белгилүү болгон. Көмөк көрсөтө турган жаңы пакетте 30 БМП Bradley, 25 Stryker БТРи бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Пентагон Киевге 2 млрд. долларлык курал-жарак пакетин даярдады