Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев НАТОго ультиматум койду. Чоо-жайы

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг 19-июнь күнү Вильнюста өтчү саммитте союздаштар Украинаны мүчөлүккө чакыруу боюнча маселени талкуулабаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Украина НАТОнун июлда өтчү саммитинде альянска мүчө болууга даярдык көрүү процессин баштоо үчүн чакыруу күтүп жатат, болбосо уюмдун жыйынына Владимир Зеленский катышпайт. Бул тууралуу президенттик кеңсенин жетекчисинин орун басары Игорь Жовква ЖМКларга маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киевдин альянска кирүү арызы катышуучулардын "столунда" жатат, ага жооп алуу "мүчөлүккө чакыруу" болуп саналат. "Биз процедураны баштоону өтүнөбүз", — деди Жовква.
Кеңсенин өкүлү эгер саммиттен "эч кандай жыйынтык чыкпаса", альянстын мүчөлөрү "эрдигин көрсөтө албаса", Зеленскийдин ал жакка барууга эч бир негизи болбой турганын белгиледи.
"Былтыр Финляндия менен Швеция мүчө болууга арыз берери менен жооп алышты, муну менен эки өлкөнү НАТОго кирүүгө чакырышты", — деп даттанды Жовква.
НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг 19-июнь күнү Вильнюста өтчү саммитте союздаштар Украинаны мүчөлүккө чакыруу боюнча маселени талкуулабаганын билдирген. Анын айтымында, мамлекеттер Киевдин альянска кирүүгө жакындатчу кадамдарды ортого салышкан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Зеленскийдин НАТОго кирүү өтүнүчүнөн да, ага жасалган реакциялардан да кабардар экенин белгилеген. Ал Москва кырдаалга дыкат көз салып жатканын, Киевдин дал ушул уюмга мүчө болуу далалаты атайын операциянын башталышын шарттаганын эскертип келет.
Украинанын "контрчабуулу" Батыштын көңүлүн калтырууда. Эң оору алдыда