“Социалдык контракт” кайсы тармактарды көбүрөөк камтыды. Министрликтин маалыматы

Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Быйыл "Социалдык контракт" программасына катышкан 7,5 миңден ашуун бүлө айыл чарба тармагында бизнес ачкан. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган долбоор жакырчылыктан чыгуунун активдүү чарасы катары ишке ашырылууда. Долбоорго бюджеттен бөлүнгөн 100 000 сомду бекер пайдаланып чакан бизнес ачкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр катышууда.
Программанын катышуучулары туруктуу киреше алып жеке ишкер гана болбостон, жумуш орундарын түзүшөт.
"7,1 миң үй-бүлө мал чарба тармагында өз ишин баштаса, өсүмдүк өстүрүү тармагында 120 долбоор, балчылык боюнча 118 долбоор ишке ашырылууда", — деп билдиришти министрликтен.
Республика боюнча 20 күнөскана жана 70 канаттуулар фабрикасы түптөлүп, ишин баштаган. Балык чарба тармагында дагы алты долбоор ишке ашырылууда.
100 миң сомдон бөлүнгөн акча муктаждарга жетип жатабы. С. Жапаров капыстан текшерди