Кыргызстан ичиндеги авиабилеттердин баасы кандай? Сандар видеодо

Учурда беш облуска учак каттайт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өлкө ичинде аймактан аймакка учак менен каттоо канча сом турарын аныктадык.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы авиакомпаниялардын сайтына кирип билеттердин баасын карап чыкты.
Ага ылайык, Бишкектен Ошко аба каттамы менен учам десеңиз июль айында эң арзан билет 3 300 сомдон. Негизинен экономкласстагы билеттердин орточо баасы 3 900 сом.
Бишкектен Жалал-Абадга авиабилеттердин баасы 4 100 сомдон башталат. Ал эми Бишкек – Раззаков аба каттамындагы билет баасы 5 600 сомдон жогору. Баткенге учак менен баруу үчүн капчыкта 5100-5700 сом болушу керек. Оштон Тамчыга июль айында 4500-5600 сомдун тегерегиндеги каражатка уча аласыз.
Омскиден Бишкекке автобус каттамы жанданмай болду. Жол акысы