Кронштадтта өткөн быйылкы Эл аралык аскер-деңиз салону россиялык коргоо-өнөр жай комплекси көп жылдык санкциялык штормдун шарттарына кыйла ыңгайлашып, технологиялык лидерлигин сактап, заманбап согуштук кеме, курал тутумдарынын өндүрүшүн өстүрүп жатканын көрсөттү.
Ушул жагдайларды белгилеген аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган иш-чаранын жүрүшүнө жана айрым бирдиктердин мүнөздөмөсүнө токтолгон.
XI Эл аралык аскер-деңиз салону 21–25-июнь күндөрү Кронштадтта өттү. Ага 250дөн ашуун алдыңкы россиялык жана чет өлкөлүк компаниялар, алардын катарында дүйнөгө белгилүү "Алмаз – Антей", "Ростех", "Росатом", "Тактическое ракетное вооружение" корпорациясы, "Ярославский судостроительный завод", BrahMos Aerospace компаниялары катышты. Салон ушул күндөрү РФтин Аскер-деңиз флотунун жана ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн, алдыңкы эксперттерди, ири ишкана, компаниялардын жетекчилерин бириктирип турду.
"Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023кө": Алжир, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Зимбабве, Мьянма, Вьетнам, Эритрея, Индия, Намибия жана Марокко өңдүү 11 өлкөдөн делегация келген. Катышуучулар менен саламдашуудан соң россиялык президент Владимир Путин аталган иш-чара бир нече жылдан бери жогорку технологиялык позициясын бекем сактап, өкүлчүлүктүн татыктуу деңгээлин кармап келет.
Чындап эле "Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023кө" келгендер кеме куруу, курал жасоо, аскердик башкаруу тутумдары, флоттук навигация жана байланыш, кеменин энергетикалык орнотмолору, деңиз авиациясы, жаңы жана келечектүү технологиялар жаатындагы чоң жетишкендиктер менен тааныша алышты. Кронштадттагы Ортоңку гаванда Россиянын соңку үлгүдөгү согуштук кемелери көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн иш программасына төрт илимий-техникалык конференция, төрт техникалык сессия, 12 тегерек стол жана көптөгөн таанытуу иштери камтылган.
Соңку үлгүдөгү аскер-деңиз куралдары менен техникасынын бул аянтчасы россиялык коргоо өнөр жай комплекси Батыштын көп жылдык санкцияларына биротоло ыңгайлашып бүткөнүн даана көрсөттү.
Ошондой эле иш-чара РФ жогорку технологиялык иштелмелер боюнча дүйнөдө эч кимди алдыга салдырбастыгын, заманбап согуштук кемелерди чыгаруу көлөмүн тынымсыз өстүрүп жатканын айгинелеп койду. Кронштадттын бул бөлүгүндө Россиянын Аскер-деңиз флотунун "кара бермети" атыккан 636-долбоорго таандык "Уфа" субмаринасы өзгөчө айырмаланып турду.
Бул бирдик планетанын кайсы бурчу болбосун душмандын суу түбүндөгү кеме, субмариналары жана жер бетиндеги объектилерин күчтүү торпеда жана канаттуу ракеталар менен өзөктүк эмес жабдууда да 2 600 чакырым аралыктан жок кылат. "Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023түн" маалында, тагыраак, 22-июнда Россиянын Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Николай Евменов 22350 долбоорунун үчүнчү борту – "Адмирал Головко" сокку уруучу комплекси сыноодон ийгиликтүү өткөнүн айтып берди.
Жакында кеме РФтин Түндүк флотунун курамына кабыл алынат. Андан ары РФ Аскер-деңиз флоту жыл сайын ыраак деңиз зонасынын бир-эки кемесин алып турмакчы. Бул маалыматты "Биргелешкен кеме куруучу корпорациянын" башкы директорунун орун басары Владимир Королев тастыктады.
Кыйла ыраак аралыкка (280 чакырым) ылайыкталган, "аба – жер бети" тибиндеги Х-59МК кеме чабуулунан таамай коргоочу ракетасы Кронштадттагы көргөзмөдө көпчүлүк адистердин бүйүрүн кызытты. Душмандын абадан коргонуучу тутумдарынын "көзүнө чалдыкпаган" ракета кургакта үч метрге чейинки калыңдыктагы өзгөчө бышык темир-бетондук конструкцияларды, крейсер, эсминецтерди иштен чыгарып кое алат.
290 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган үндөн ыкчам, россиялык-индиялык өндүрүштөгү күчтүү BrahMos ракетасы да көргөзмөдө андан кем калышкан жок. Ылдамдыгы – 2,8 Махка чейин, курал бөлүгүнүн салмагы – 200-300 кг. Кеме, учак, кургактагы мобилдик комплекстер ташыйт. 5-7 Махка чейин күүлөөнө турган гиперүндүү BrahMos-2 ракетасы да иштелип чыгууда. BrahMos – көп полярдуу дүйнөнүн жаңы символу.
"Игла-С" зениттик жана тескелүүчү "Атака" ракеталары менен алты чакырымга чейинки аралыктан аба, деңиз жана жээктеги буталарды жок кылуучу "Комар" турелдик түзүлүшү да баарына кызыктуу болду. Анын буталарынын тизмегинде бардык типтеги учуучу аппараттар, чакан кемелер, жээктеги узак убакыт бою ок атуучу түйүндөр бар. "Комардын" оптикалык-электрондук тутуму F-16 жана F-18 тибиндеги учактарды 20 чакырым аралыктан байкайт.
Андан да узак, тагыраак, 750 чакырым аралыктан "Монолит-Б" жээктеги чалгындоо комплекси көз сала алат. Аталган бирдикти "Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023кө" "Деңиз жабдыктарын куруу корпорациясы" алып чыкты. Активдүү радиолокациялык станциялар – 30, ал эми пассивдүүлөрү 50гө чейинки суу бетиндеги жана абадагы буталарын коштой алат. "Монолит-Б" бир эле убакта 10 бута-көрсөтмөсүн берет.
КамАЗдын шассисиндеги "Рубеж-МЭ" жээктеги жаңы ракеталык комплекси автоматтык режимде 450 чакырым аралыктан бутасын байкап, 260 чакырым аралыктан суу бетиндеги жалгыз жана топ-топ буталарын, ошондой эле душмандын кургактагы буталарын жок кыла алат. Бортунда кеме чабуулдарынан коргоочу төрт Х-35УЭ ракетасы бар. Аскердик эсебинде – болгону эки киши. "Рубеж-МЭ" комплекси өзү же башка ракеталык комплекстер менен айкалышта бутасын таамай жок кыла алат.
"Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023төгү" учкучсуздар "парадына" россиялык коргоо өнөр жай комплексинин бир нече бирдиги катышты. Суу түбүндө сүзүүчү "Клавесин-1РЭ" дронун "Рособоронэкспорт" тааныштырды. Аппарат сыноодон өтүп, сериялык өндүрүшү башталган. "Клавесин-1РЭ" издөө операциялары, алты чакырымга чейинки тереңдиктеги объектилерди гидроакустикалык байланыш боюнча автономдуу же түзөтүү режиминде изилдей алат.
Суу бетиндеги экипажсыз катер 40 милге чейинки аралыктан оператор тарабынан тескелүүчү гидрографикалык робот-техникалык комплекс модификациясында көрсөтүлдү.
Кингисепп машина куруу заводу жана Санкт-Петербург политехи тарабынан жасалган суу бетиндеги дрон учкучсуз аппаратты, суу түбүндөгү учкучсуздарды ташып, акваторияны күзөтүп, Аскер-деңиз флотунун жээктеги базаларын коргоону бекемдеп, ыраак деңиз зонасында, анын ичинде Арктикада да чалгындоо иштерин жүргүзө алат.
Сокку уруучу модификациялары иштелип чыгып жаткан убагы. 400 килого чейинки пайдалуу жүк ташый алат. 60 саатка чейин иштейт. Жабдыган материалдары, электроникасы россиялык экенин да кошумчалай кетели. Көргөзмөгө коюлган тик учак тибиндеги көп буталуу ВТ-440 учкучсуз аба кемеси "Радар ММС" ишканасы аркылуу сериялык түрдө өндүрүлүп жатат.
Автопилоттук режим жана бортундагы майдын запасы 300 чакырымдык ыкчам радиусту камсыз кылат. 100 килограммга чейинки салмактагы пайдалуу жүк ташыйт. Крейсердик ылдамдыгы – саатына 120 чакырым. Учкучсуз аппарат күзөтүү, издөө-куткаруу операциялары, контртеррордук иш-чаралар, муз каптаган жерлерди (Арктикадагы) чалгындоо жана алыскы аймактарга жүк жеткирүү үчүн чыгарылган.
"Гидроприбор" концерни Кронштадтта универсалдык чакан көлөмдүү жаңы торпедасын көрсөттү. 220 мм калибрдеги акылдуу торпеда суу бетиндеги кемелерди, субмариналарды, ошондой эле учак, тик учак, автономдуу деңиз дрондорун жок кылуу үчүн жасалып чыккан.
Стандарттык торпедалардан узундугу менен айырмаланышат, анткени ал болгону эки метрди түзөт. 27 узел ылдамдыкта, 450 метрге чейинки тереңдикте жети чакырымга чейин сүзүп жүрө алат. Курал бөлүгүнүн салмагы – 35 кг. Автоматтык башкаруу, өзү мээлөөчү, телебашкаруу жана зарядын кол тийгизбестен жардыруу тутуму торпеданы Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде пайдаланууга мүмкүндүк берет.
"Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023түн" жүрүшүндө Санкт-Петербург деңиз бюросунун суу түбүндөгү атомдук эмес П-750Б "Сервал" чакан кайыгынын инновациялык долбоору адистердин көңүлүн бурду. Субмаринанын узундугу – 65,5 м, туурасы – 7 м. Сыйымдуулугу – 1450 тонна. Суу түбүндө 30 сутка кармалып, 18 узел ылдамдыкта сүзө алат. 300 метрге чейинки тереңдикке чумкуп, 4 300 милге чейин сүзөт. 16 чакты аскердик суучулдардын тобун эсептебегенде, экипаж 20 кишиден турат.
Курал-жарагы андан да кызык. Торпедалардын ракеталары жана 533 мм калибрдеги миналардын стандарттык топтомунан тышкары "Сервал" бортунда "Тритон-2" суу түбүндө 60 милге чейин жүрүүчү кенедей кайыкты да ташыйт. Бул душмандын жээгине чалгындоочу-диверсиялык топторду тымызын жеткирүүдө колдонулат.
"Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023" көргөзмөсүндөгү жогорку технологиялык бирдиктердин чакан баяндамасы да Россия өнүгүү жана жоготкондорун кайтаруунун өз жолун тандоого, деңиз чек араларындагы өзүнүн 38 миң чакырымын жана Дүйнөлүк океандагы улуттук кызыкчылыктарын коргоого кандай жоопкерчилик менен караганын айгинелеп койду.
Кеме куруучу биргелешкен корпорациясынын башкы директору Алексей Рахманов "Эл аралык аскер-деңиз салону – 2023" иш-чарасынын алкагында: "2040 – 2050-жылдарга бет алуу менен аракет этүү зарыл. Жаңы верфь жана машина куруу заводдордун кубаттуулугу, алардын ишин он жыл алдыга пландоонун убагы... Ал эми санкциялар жөнүндө унуткарып коюуга да болот", — деп белгиледи.
Негизинен бул тарыхый фарватер Россиянын 2022-жылдагы Деңиз доктринасы менен аныкталган. Анда: "Азыркы Россия Федерациясы күчтүү флотсуз болбойт. Дүйнөдөгү эң ири аймак жана эң узун деңиз чек аралары, ресурстардын эбегейсиз запастары, РФ калкынын сапат жана саны анын XXI кылымда улуу континенттик жана деңиз державасы катары жашап жана өнүгүшүнө күн мурунтан болжойт", — деп жазылган.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар