Боз түстөгү идиш арыктоого жардам берет

Кызыл өң адамдын табитин ачат. Буга байланыштуу психолог арыктоону каалагандарга боз түстөгү идишти колдонууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Боз түстөгү тарелканы колдонгондо адам демейдегиден азыраак жеп баштайт. Акырындап бул көрүнүш анын арыкташын шарттайт. Арыктоонун мындай ыкмасы тууралуу нейропсихолог Ирина Хвингия Sputnik радиосуна айтып берди.
Окумуштуулар түстөр түрдүү эмоцияларды чакыруу менен адамдын мээсине таасир берерин эчак эле аныкташкан. Адис дизайнерлер интерьерлерди жасалгалоодо анын багытына карата, кийим дизайнерлери кийим кайда кийилерине жараша түстөрдү колдонушарын белгиледи.
Кээ бир түстөр адамды тынчтандырат, айрымдары, тескерисинче, ага сергек болгондой сезимди берет, ал тургай түстөрдүн кээ бири табитти жоготсо, кээ бирлери, тескерисинче, адамдын табитин ачат. Адистин айтымында, арыктоону көздөгөндөр боз түстөгү идишти тандаганы туура.
"Тамактын көлөмүн азайтып арыктайм дегендерге боз түс жардам берет. Себеби ага салынган тамак эскирип калгандай сезилет. Боз түстөгү тарелканы колго алгандан кийин өзүбүзгө байкалбаганы менен ага азыраак көлөмдө тамак салып, аз жеп калабыз", – деп түшүндүрдү Ирина Хвингия.
Психолог кызыл түс, тескерисинче, табитти ачарын айткан.
"Эгер маани берип карасаңыздар, көп ресторандардын интерьерине кызыл түс колдонулган. Бул келген кардарлар көбүрөөк буюртма берүү үчүн жасалат", – деди ал.
Арыктоо мээнин картаюусун кеминде 9 айга жайлатат