Россия куралдуу козголоң боюнча козголгон ишти токтотту

ФСБ мунун себебин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россияда куралдуу козголоң боюнча козголгон иш токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Федералдык кызматына шилтеме кылып жазды.
Маалыматка караганда, ишти иликтөө учурунда анын катышуучулары "түздөн-түз кылмыш жасоого багытталган аракеттерди токтоткону" аныкталган.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 24-июнга караган күнү "Вагнер" тобу Ростов-на-Дону шаарындагы Түштүк аскер округунун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге каршы иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин ишембидеги куралдуу көтөрүлүштөн кийин Россия жарандарына кайрылды. Видео