БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөнүн армиясын согуштук даярдыкта кармоону чечкенин Sputnik Беларусь жазды.
Ал беларустардын көбү Россиядагы кырдаалга жүрөгү өйүп көз салып турганын, беларустар менен россиялыктардын теги бир экенин белгиледи.
"Анткен менен Беларусь жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө өзүнүн тиешелүү ролун ойноду", — деген Лукашенко.
Президент ЖМКлар "жалган жалаа жана ар кыл маалыматтарды" таратып жаткандыктан, Беларусь жетекчилигинин позициясын түшүндүрүп, кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берүүгө дарядыгын айтты.
"Андан сырткары, биздин качкындар кыймылга келе түштү. Чындыгында башы туура эмес башталды. Өздөрүнүн кураторлоруна кандайдыр бир жыйынтыкты көрсөткөнгө умтулушту. "Куралдуу көтөрүлүштүн" кезектеги сценарийин ишке ашырганга даярбыз деген тейде кезектеги чакырыктарын салып, планын жарыялап да жиберишти. Эми отчет бериш керек да", — деди Лукашенко.
2023-жылы 24-июнга караган түнү "Вагнер" аскердик жеке компаниясы Ростов-на-Дону аймагында аскердик түштүк округдун штабын басып алган. Мындай аракет Евгений Пригожиндин аталган топко Куралдуу күчтөрдүн соккусу тууралуу сөзүнөн кийин жасалган. Коргоо министрлиги да, ФСБ да муну дароо четке какты.
РФ президенти Владимир Путин "вагнерчилердин" кылыгын кылмыш деп атап, козголоң уюштурганы үчүн Пригожинге иш козголгон. Кийинчерээк Беларусь президентинин маалымат кызматы Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүп, "Вагнер" тобунун Россия аймагында ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча макулдашканын кабарлады. Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин айткан.