Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн лаборатория куруу пландалууда

Лаборатория ишке кирсе 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөргөн.
1 / 3

Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу пландалууда

2 / 3

Өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөргөн

3 / 3

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрүн өстүрүү болуп саналат

In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрүн өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке кирсе 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөрү пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында Төрөбаев Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.
Радио
Зыянкечтерден коргой турган өсүмдүктөр тизмектелди