Депутаттар 3 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүүнү сунуштады. Шарты

Жөлөк пулдун суммасы кеминде беш миң сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бийик тоолуу аймакта, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үч жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берүүнү сунуштоодо.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечилери — Марлен Маматалиев менен Камила Талиева. Жөлөк пулдун суммасы кеминде беш миң сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.
"Бийик тоолуу аймактарда мектептердин, дүкөндөрдүн жана медициналык мекемелердин алыстыгы, транспортко жана турак жайга болгон чыгымдардын өсүшүн шарттайт. Ошондой эле балдар оор климаттан улам ден соолуктун көйгөйлөрүнө, башка кызматтардын жетишсиздигине туш болушат", — деп айтылат документте.
Жөлөк пул чегерүү жашоонун жок дегенде минималдуу деңгээлин камсыз кылары кошумчаланды.
Радио
Кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирилди