БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Уролог Игорь Князев Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде эркектин курсак салуусу физиологиялык нормага жатпай тургандыгын билдирди.
"Тестостерон — майда эрүүчү гормон, андыктан май канчалык көп болсо, ал ошончолук көп эрийт. Мындан улам эркектин канында жыныстык жана жүрүм-турумдук функция үчүн сарптала турган тестостерон азаят. Семирүүнүн өзү тестостерондун деңгээлинин төмөндөшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Бул гормондун жогорку деңгээлде болушу майдын топтолушуна жол бербейт, ал майды булчуңдарга кайра бөлүштүрүп, энергияны көп коротууну көзөмөлдөйт", — деп айтты уролог.
Игорь Князев ошондой эле ашыкча салмакты өлчөөнүн оңой жолу менен бөлүштү. Ал үчүн боюңузду метр менен өлчөп алып, анын квадратын чыгарасыз. Мисалы, боюңуз 1,85 метр болсо, аны квадратка, башкача айтканда, 1,85ке көбөйтүп, 3,42 деген санды аласыз. Эми салмагыңызды ушул санга бөлөсүз. Мисалы, 85 килограмм болсо, аны 3,42ге бөлүңүз. Мындан чыккан сан дененин массасынын индекси деп аталат. Ал 25тин тегерегинде болсо тынчсыздануунун кереги жок. Ал эми андан көп болуп кетсе, ашыкча салмактан арылуу керек деп түшүнүңүз.
Адис салмакты керектүү чекте сактоо менен күнүмдүк жашоону жеңилдетип гана тим болбостон, жыныстык катнашты да жакшыртууга болорун кошумчалады.