Эмне үчүн Бишкекте суу тартыш жана аны чечүү жолу барбы? Адистин жообу

Бишкек негизинен эки скважинадан суу алары айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин жогору жагына скважиналар чаржайыт казылып, эл өзү каалагандай пайдаланып жатканы үчүн суу көйгөйү жаралды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, профессор Догдурбек Чонтоев билдирди.
Адистин айтымында, Бишкек негизинен эки скважинадан суу алат. Алар: Ала-Арча (30дай майда скважинадан турат) жана Орто-Алыш.
Ала-Арча боюнча көйгөй жок. Бул жерде кеп Орто-Алышта болуп жатат. Ал Арча-Бешик, Ынтымак сыяктуу көптөгөн жаңы конуштарды дагы суу менен камсыздайт. Анан ал жакта ар кайсы жерде скважина казылып, суу бөлүнүп кетүүдө. Мисалы, соңку эки жылдын ичинде Орто-Алышта суунун деңгээли 21 метрге түшүп кетти", — деди профессор.
Чонтоев кошумчалагандай, учурда Орто-Алыштагы суу толтурулчу эки чакан бассейн дагы бош турат.
Мындан улам адис жаңы турак жай курулушун жана скважина казуу иштерин иретке келтирип, эл арасында сууну үнөмдүү пайдалануу маданиятын жайылтууну сунуштайт.
Суу азаят, Кыргызстан сууну башкаруу саясатын өнүктүрүшү керек. Адистин маеги