Тарыхта буга чейин кагылыштар жер, кен байлык же таасир талашынан чыгып келген болсо, алдыда таза суу үчүн жаралышы ыктымал. Анткени азыркы маалда дүйнө жүзүндө 2 миллиардай адам ичүүчү сууга жетпей келсе, 2040-жылдардан соң бул сан 4 миллиардга жетиши мүмкүн. Андыктан биз экологияга болгон мамилебизди кескин өзгөртүшүбүз зарыл. Бул тууралуу Догдурбек Чонтоев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, келечекте суу тартыштыгынын жаралышына адамдын табият менен болгон алакасы, климаттын өзгөрүшү негизги себеп болот.
"Таза суу тууралуу сөз болгондо Кыргызстан суунун башы, бизге бул көйгөй келбейт деп божомолдоо жаңылыштык. Анткени 1990-жылдары эле Борбордук Азияны түзгөн беш мамлекетте 24 миллион калк жашаса, учурда 75 миллиондон ашты. Мунун эсебинен суу колдонуу дагы 5-6 эсеге жогорулады. Андыктан эртеби-кечпи, таза суу маселеси биз үчүн да көйгөйгө айланышы ыктымал. Учурда өлкөдө жылына 51 миллиард куб метр суу болсо, анын 12 миллиардын гана өзүбүз колдонуп, 39 миллиард куб метри кошуна мамлекеттерге агып чыгып кетет. Андан Өзбекстан — 24-25 миллиард метр куб, Кытай — 7 миллиард метр куб, Казакстан — 4-5 миллиард метр куб жана Тажикстан 2 миллиард метр куб суу алат. Буга алар эч кандай каражат төлөбөйт. Анткени эл аралык келишимдерде "суу — табигый ресурс" деп жазылып калгандыктан Кыргызстан товар катары баалай албайт. Советтер Союзу учурунда мындай эмес болчу. Ал жерде Кыргызстандан суу алган кошуналар ордуна дан, көмүр, газ беришчү. Бирок учурда кошуна мамлекеттер да келечекте көйгөй жараларын түшүнүп калышты. Мындан бир канча жыл мурда эле кыргыз тарап бул маселени көтөргөндө сүйлөшкүлөрү келчү эмес. Учурда кандайдыр бир тариф аныктап, сууну товар катары баалоону макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдире башташты", — деди Чонтоев.
Окумуштуу таза сууну рационалдуу пайдалануу маселесин аталган институт 30 жылдан бери изилдеп келерин кошумчалады.