Терапевт заара айдоочу дарыны өз алдынча ичүүнүн ден соолукка зыянын атады

Өзүм билемдик менен суюктук чыгаруучу дары ичкендердин жүрөгүнүн иштеши бузулуп, подагра дарты, кант диабети пайда болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Денедеги шишикти кетирүү же арыктоо үчүн заара айдоочу дары-дармектерди өз алдынча ичүү ден соолукка зыян. Россиялык терапевт Георгий Сапего Sputnik радиосуна курган маегинде дарыгер менен кеңешпей туруп мындай аракеттерди жасоонун кесепетин түшүндүрдү.
Ал айрымдар суюктукту чыгаруучу дары каражаттарды туздуу тамактарды көп жеп алганда да ичерин белгилеген.
"Заара айдоочу дары каражаттар биринчи кезекте организмдеги суюктуктун азайып кетишине алып келет, бул кооптуу. Мындан тышкары, ал кандагы калий, кальций, глюкоза жана заара кислотасынын деңгээлине таасир берет. Калийдин өзгөрүшүнөн кээ бирлеринин жүрөгүнүн иштеши бузулат же кант диабети пайда болушу мүмкүн. Себепсиз эле заара айдоочу каражаттарды иче берсе, бөйрөк менен анын үстүндөгү бездер ага каршы иштеп, күч менен суюктукту кармайт. Дарыгер мындай дарыларды жазууда көптөгөн факторлорду эске алат", — деди Сапего.
Терапевт мындай дарылар кандай оорулар үчүн жазыларына токтолду. Айтымында, көбүнчө аны кан басымы өтө жогоруларга сунушташат.
"Ал заараны айдаганга таасир эткени менен артериялык басымды да төмөндөтөт. Суюктук организмден чыкпай калганда да ичишет, боор циррозу менен жабыркагандардын денесинен суюктуктун чыгышын шарттайт, жүрөгү ооругандарга буттагы шишиктерин кетирүү үчүн берилет", — деди ал.
Дарыгер курамында калий көп азыктар организмден суюктуктун бөлүнүшүн шарттай турганын билдирди. Анын айтымында, кофеин организмдеги суюктуктарды чыгарат. Мындан тышкары, калий мөмө-жемиштерде көп болорун белгилеп, буга банан, өрүк кирерин кошумчалады.
Жайкысын илип алма бут кийим ден соолукту талкалайт. Адистин пикири