БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата “Тарыхтан калган элестер” аттуу таш айкелдердин мыкты эскизин тандоо үчүн республикалык сынак жарыяланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги билдирди.
Жобо боюнча аталган таш айкел Ош шаарына жайгашат.
"Сынактын негизги максаты — кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын айкелчилердин чеберчилиги менен чагылдыруу. Мындан тышкары, Ош шаарына эстеликке калтыруу үчүн мыкты эскизди тандап алуу, айкелчилердин идеяларынын биримдигинде улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо, коомдогу активдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Сынакка “скульптура” багытындагы адистиктер боюнча билими барлар катышып, бир автор, автордук жамаат конкурстун катышуучусу боло алат.
Шарт-талабы:
маңыздуу эскиз элестери (чопо, гипс) 30х40 см болуусу шарт;
катышуучулардын жашы чектелбейт;
сынакка катышуучулар өтүнүч каты менен министрликке кайрылуусу зарыл, 4х6 сүрөтү, эмгек таржымалы болуусу шарт (резюме);
катышуучу бир гана таш композиция жасай алат;
материалдар берилген тематиканы чагылдырышы керек;
сынак жашыруун өткөрүлөт, катышуучулардын аты-жөнү жыйынтыкталганга чейин ачыкталбайт.
Жеңүүчүлөрү QR код даярдоо үчүн өзүнүн жасаган айкелинин маани-маңызын, философиясын, максатын 2023-жылдын 10-июлуна чейин жазып берүүсү шарт.
Эмгектер 29-июнга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде саат 9.00дөн 18-00гө чейин 109-кабинетте кабыл алынат.
Жеңүүчүлөр кызыктыруучу акчалай сыйлык жана грамота менен сыйланат.
Электрондук дареги: the.world_teacher@mail.ru. Байланыш телефондор: 0772 95 81 91; 0700 08 45 66.