Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын тобу Казакстанга барды

Сапардын алкагында төраганын өлкө президенти менен жолугары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы башында турган парламенттик делегация Казакстанга барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эл өкүлдөрүнүн тобу Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен жөнөп кеткен.
Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.
Эскерте кетсек, Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмил Токтошев коштоп барды.
Шакиев Матвиенко менен жолукту. Талкууланган маселелер