Радио

Курулуп жаткан дары заводунан ветеринардык дармектер да чыгарылат

"Биофармакс АВА" ЖЧКнын башкы директору Жыргалбек Сагынбаев завод толугу менен ишке кирип калса, өлкөнүн медицина тармагында чоң секирик болорун айтты.
Sputnik
Дүйнөлүк тажрыйбада кайсы жерге дары чыгарган чоң завод курулса, анын мал-жандыкка да керектелчү дары каражаттарын чыгарышы талап кылынат экен. Ошондуктан Бишкекте курулуп жаткан завод ветеринардык дарыларды, вакциналарды да жасайт. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, компания республикада эки диагностикалык борборго заманбап жабдууларды алып берүүгө милдеттендирилди.
"Израилдик компания инвестиция салып Кыргызстанда ачылып жаткан "Биофармакс АВА" ЖЧКсына кыргыз өкмөтү диагностикалык аппараттарды алып берүү тапшырмасын койгон. Анын негизинде Бишкектеги жана Баткенде жаңы ачылып жаткан диагностикалык борборлорго заман талабына жооп берген жаңы жабдууларды алып беребиз. Мындан сырткары, өлкөдө жабдуунун жоктугунан жасоого мүмкүн болбой келген айрым операцияларды Кыргызстанда жасаш үчүн да аппараттар алынат. Ал эми заводдун өзү толук кандуу төрт жылдан соң ишке кирет, бирок курулушу быйыл башталат. Завод ветеринардык дары-дармектерди да чыгарат", — деди Сагынбаев.
Ал аталган завод толугу менен ишке кирип калса, өлкөнүн медицина тармагында чоң секирик болорун кошумчалады.