Бир тууган эжеси Кытайда сатылып кеткен. Казы Дыйканбаевди эскерүү

Быйыл республиканын алгачкы тышкы иштер министри, белгилүү коомдук ишмер Казы Дыйканбаевдин 110 жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик ишмер совет маалында бир катар жогорку кызматтарда иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бул датага утурлай залкар инсандын иниси Жакшылык Калилов менен маек курду.
Жакшылык Калилов
— Казы ата үч жашында жакындары менен Кытайга качып, кийин атасынан эрте ажырап калганын билебиз. Балалыгы оор эле өткөн окшойт да?
— Мен Казы абамдын бир тууган агасынын баласымын. Алар Түп районунун Талды-Суу айылынан болушкан. Чоң атам үй-бүлөсү менен 1916-жылы Кытайга качканда үч жаштагы Казы абамды чоң энем көтөрүп барып кайра көтөрүп келген экен. Бөтөн жерде ачкачылыкка кабылып, колундагы мал-мүлкүн алдыртып, малай болуп эптеп күн көргөн. Азап тарткан үй-бүлө ал жакта аман калыш үчүн Үрүйпа деген кызын текестиктерге сатууга мажбур болгон. 1917-жылы төңкөрүш болуп, совет бийлиги орноп жатканын угуп кайра артка жолго чыгып, Казакстандын Челек деген жерине келгенде чоң атабыз ачкалыктан ооруп каза болот. Аман кайткандар айылга келип өз үйүнө жайгашкан. Ал кезде жергиликтүү тургундар апийим айдашчу экен. Туугандар кийин чогулуп, апийимдин түшүмүн жыйнап аттарга өңөрүп алып кайра Текеске Үрүйпа эжемди алып келгени барышат. Алгач түнү менен алып качышат, бирок жолдон кармалып калган экен. Кууп келгендерди кыргыздар сөзгө тартып, эжемдин кунуна канжыгадагы апийимди берип Ысык-Көлгө алып келишкен. Кичинекей Казы абам бала кезинде апийим отоп, айылда мектеп ачкан Мусажан деген мугалимден окуганды үйрөнүп, сабактан Караколдо жаңы мектеп ачылганын угуп калып, ал мектептен төрт классты бүтүрүптүр.
— Кийин окуганы борбор калаага жөө келгени да айтылып жүрөт...
— Ооба. Караколдо окуп жүргөндө Фрунзеде даярдоо курсу бар экенин угуп, чогуу окуган балдар менен жөө жолго чыкканын айтып калчу. Жолдо бир ат арабачанга жолугуп ага түшүп, ылдыйыш боло калса ага отура калып, өйдө чыкканда арабаны түртүшүп беш күндө шаарга жеткен экен. Бул жакка келсе кабыл алуу аяктап калган болот. Айылдан келген жигит тамагы, жатаканасы бекер окууга өтпөй каламбы деп күндө ошол окуу жайга келе берет. Ат араба менен жумушка келген окуу жайдын жетекчисин кайтарып, ал сыртка чыккан сайын учурашып өзүнүн маселесин айтып айласын кетирген экен. Ошентип андан тажаган директор Казы абамды окууга алыптыр. Студент кезде окуу жайдын жер төлөсүндө жашап, билим алган экен. Жанында Өкмөт үйү болгондуктан ат менен келген Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеевди көрүп, алар уюштурган жыйындарга катышып калыптыр. Абдрахманов орусча мыкты ишендире сүйлөй билген адам болгонун айтып калчу.
— Кийин Түркмөнстанга билим алганы барып, ал жакта басмачылар менен күрөшүп калган да жайы бар экен.
— Даярдоо курсун бүтүргөндө балдарды бийлик Ашхабад шаарында жаңы ачылган зооветеринардык институтка жиберген. Алардын арасында Казы абам, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков да болуптур. Бирок Түркмөнстанга жеткенде "силердин билим деңгээлиңер жетпейт" деп албай, аларды кайра даярдоо курсуна жөнөтүшөт. Окуп жүргөн жылы Түркмөнстанда басмачылар күчөп, Англия тараптан курал алып темир жол, кудуктарды басып ала баштаган экен. Жергиликтүү бийлик студенттерди жардамга чакырып, колуна курал берген. Абам өзү курактуу балдар менен алты ай кудук кайтарыптыр. Анан Ташкенттен Кызыл армиянын аскерлери барып басмачыларды тынчытканда кайра окууга кетишиптир. Абам колхоздоштуруу жараянын элге түшүндүрүп, коомдук иштерге активдүү катышкандыктан Ташкенттеги Орто Азия план-экономикалык институтуна кабыл алынып, ал жакта үч жыл, кийин Самарканд шаарында эки жыл окуп экономист адистигине ээ болгон.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москвадагы Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы, 1958-жыл
— Жогорку билимдүү жаш адис мекенге кайтып келип, мамлекеттик кызматтын бир катар тепкичтерин басып өтөт. Кантип 27 жашында Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп калган?
— Абам жолдомо менен келип Кыргыз ССРинин Пландоо комиссиясына жумушка алынып, ал комиссияда улук экономист, бөлүм башчы, төраганын орун басары, Фрунзе облустук пландоо башкармалыгынын башчысы кызматына чейин жеткен. Кандуу репрессияны өз көзү менен көрүп, сураксыз, соттун чечими жок эле камалып дайынсыз болуп кеткендерди угуп калыптыр. Кыргызстан Компартиясынын аткаруу комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп жүргөн Алексей Ваговдун көзүнө илинип, абам Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары, Мамлекеттик көзөмөл боюнча элдик комиссар болуп иштеген.
— Казы Дыйканбаев узак убакыт Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалап, согуш маалында эвакуацияланып келген ишкана, жарандарды өлкө аймагына жайгаштырганын билебиз. Кыйын кездерди эскерчү беле?
— Ооба, мисалы, көчүрүп келинген Ленин заводу темир жолдун боюна ээн талаага эле түшүрүлүп дароо эле иштеп баштаганын айткан. Азыр ал завод шаардын ортосунда калды. Андан сырткары, жогорку окуу жай, келген элди жайгаштырган. Ошол эле маалда өндүрүштүн көрсөткүчүн, фронтко жиберилген жардамдын көлөмүн түшүрбөш үчүн суткасына эки саат эле уктап иштеген. Кыздары да "атамды үйдөн деле көрбөй калчубуз" деп айтып калышчу.
— Кийин Кыргыз ССРинин биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалып, өлкөнүн тышкы саясатына чыйыр салып жатат да.
— Жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, элдик чарбаны мыкты түшүнгөн абам 1944-жылы жаңы түзүлгөн Тышкы иштер министрлигин жетектөөгө чакыртылган. Ага чейин Москвага барып алты ай окуп, тажрыйбалуу дипломаттардан сабак алып келген экен. Англис, орус, кыргыз, түркмөн, өзбек тилдерин билчү. СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон абам кийин элчилик, министрликте иштеген тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкерлерди өстүрдү. Ошол эле маалда Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары да болуп жүрдү. 1951-жылдан 1958-жылга чейин Фрунзе обкомунун биринчи катчысы болуп Адбы Сүйөркулов менен иштешти.
— 1961-жылы Исхак Раззаков экөө тең кызматтан алынып жатат. Себеп?
— Бир нече себеп болгон. Биринчиден, башка союздук республикалардын ичинен биринчилерден болуп мектептерде акысыз ысык тамак киргизген. Экинчиден, мектептерде жумасына эки саат кыргыз тилин киргизип, ишканадагы башка улуттун өкүлдөрүнө кыргыз тилин өздөштүрүү талабы коюлган. Экөөнүн мындай демилгеси борборго жакпай кызматтан алынып, Раззаков Москвага, абам эски жумушу Пландоо комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына кетип, ал кызматта 25 жыл иштеди.
Казы абам республиканын өнөр жайын, элдик чарбасын мыкты билчү. Менин таң калганым — союз учурундагы беш жылдыктар болот эмеспи, ошонун ар бириндеги сандарды жатка билчү. Жыл сайын Москвага барып республиканын планын коргоп, каржы талап кылган өлкөдөгү ири долбоорлордун зарылчылыгын түшүндүрүп, ага керектүү акча бөлдүртүп келчү экен.
Негизи ал киши басып өткөндөй эмгек жолду эч кимиси басып өтпөгөнүн замандаштары эскерип калчу. Казы абам Кыргызстандагы далай ишкана, мекемелердин түптөлүшүнө, алардын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Көзү өтүп кеткенден кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү демилгеленип, бирок ал иш аягына чыккан жок. Борбор калаадагы бир көчөгө анын ысымын берип койсок деле ашыкча болмок эмес. Аны да жогору жактагылар колдоого алган жок. Убакыттын өтүшү менен кийинки муун абамдын эмгегин унутуп баратат. Бир нече жыл мурун Талды-Суу айылында мектепте музей ачканбыз, бирок анын статусу да жок болуп жатат. Абам так, таза иштеди. Өкмөт берген батирде бала-бакырасы менен жашап өмүрүн өткөрдү. Башкалардай деле өкмөттөн дача, укмуш автоунаа алган жок. Пенсияга чыкканда жөө, коомдук транспорт менен каттап жүрдү. Эми быйыл 110 жылдыгы жакшы белгиленсе экен деп отурабыз. Бизге да "Таза, абийириңерди сактап иштегиле. Бир нерсени ала калайын деп жулунбагыла" дечү. Үйүнө барып калсак, дасторкондо кара нан, икра, салат, күрүчтөн жасалган тамак турчу. Башка чоңдордой болуп эт асып, устукан тартып сыйлаганын деле көрө алган жокмун. Келинчегим жарма, боорсок жасап берсе тамшанып ыраазы болуп ичип-жеп отуруп калчу. Терезеден сыртта кар, жаан жаап жатканын көрсө, быйыл түшүм жакшы болуп, элдин курсагы ток болот экен деп кубанып калчу. Иш бөлмөсүндө кобурашып көп сөздөрдү айтчу, бирок, тилекке каршы, көбүн унутуп калдым. Абамдын бир жакшы жагы бар болчу, чогуу иштешкен кесиптештерин, жетекчилерин, тааныштарын такыр жамандачу эмес, башкаларды айыптоодон алыс болчу.
Мамлекеттик ишмер Казы Дыйканбаев (биринчи катарда бешинчи турат) Москвада эл өкүлдөрү менен. Москва шаары, 1946-жыл.
— Казы атанын уул-кыздары жөнүндө айта кетсеңиз, көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүрүнүн акыркы жылдары кантип өттү?
— Байбичеси менен бирге эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрдү. Балдарынын баары илим менен кетип өз иштерин мыкты билген адис болгон. Азыр кызы Мартанын көзү тирүү. Ал узак жылдардан бери медицина тармагында иштеп келет. Абам өмүрүнүн акыркы жылдары буту-колу ооруп жүргөндүктөн мен бир жылдай карап жүрдүм. Убагында Москвадан келген адистер менен тоо-ташты аралап, уран чыга турчу кендердин изилдөө иштерине катышып жөө көп басчу экен. Ошонун кесепетин далай тартып буту көп ооруп жүрдү. Анын айынан байбичесин да акыркы сапарга узата албай калды. Ага чейин бир кызы, жалгыз уулу кайтыш болуп кыйналып жүргөн.
Давлесовдун уулу: атам менен Калый байке гимндин музыкасын үйдөн бүтүрүшкөн