Чүйдө тайгандын өзгөчөлүгүн ачып берген эл аралык фестиваль өтөт

Иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик кызматтарды жана маршруттарды түзүү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 27-июнда Бурана археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында "Тайган Фест" эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаментинен маалымдалды.
Анда айтылгандай, иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, туристтик жаңы кызматтарды жана маршруттарды түзүү.
"Тайган Фест" этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат.
Ошондой эле тайгандын сырткы көрүнүшүн жана жөндөмдүүлүгүн баалоо боюнча "Тайган чубатуу" кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.
Иш-чара Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, "Жаштар өнүктүрүү ресурстары" коомдук фонду, "Кыргыз тайган клубу" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
Нарында "Кыргыз шырдагы — XIII" эл аралык фестивалы өтөт