БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте кайгуул милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкенин билдирди.
Шаардын периметри боюнча жана эс алуу аймактарына блокпосттор коюлууда.
Мындай чара бүтүрүү кечелерин майрамдоодо коопсуздукту камсыздоо үчүн жүргүзүлүп жатат.
“Жол эрежесин жана коомдук коопсуздукту бузбоону суранабыз. Тартипти бузган айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө, ошондой эле кортеж жалдаган бүтүрүүчүлөргө чара көрүлөт”, — деп жазылган маалыматта.
Милиция жалпы эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырды.