Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

InfoBRICS: Украинанын "доору" бүттү, Батыш эми жаңы фронт ачат

Грузия, Молдова жана Косоводо "жаңы фронттордун" ачылышы божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Батыш Украина Россия менен чатакта чеке жылытарлык жыйынтыкка жетпей тургандыгын биле баштады. Бул туурасында РИА Новости InfoBRICS басылмасына таянып билдирди.
"НАТО Украинадан эч кандай жеңиштүү кадамдарынан деле үмүт артпайт, болгону кол жоолугунун Батыштын чоң геосаясий душманын жок кылуу жана зыянга учуратуу аракетин гана күтөт. Украиналык күчтөр каршылык көрсөтө албай калган учурдан тарта Батыш Россияга сокку урууга жөндөмдүү болгон Евразиядагы башка марионеткаларга курал-жарагын багыттай баштайт", — деген автор.
Анын айтымына караганда, "жаңы фронттор" Грузия, Молдова жана Косоводо ачылышы божомолдонууда.
Материалда Украина бул согушка кирүү чечимин өз алдынча кабыл албагандыгын, Киев НАТО командачылыгына баш ийип, директиваларды аткарууну улантуу үчүн эми курал талап кылып жатканы белгиленген.
"Киевдин суверенитети жок. Толук баш ийбеген болсо Украина Батыштан курал-жарак берүүнү эч качан талап кыла албайт. Анткени өз алдынча жашаганда "суверендүү мамлекет" катары башка өлкөлөрдүн көзүн карабай, коргонуу чыгымдарын өзү жабууга милдеттүү болмок", — деп айтылган макалада.
Автор Украина бийлиги элден чындыкты жашырып жатат, бирок алар "демөөрчүлөрү" менен жеңүү ыктымалдыгы жок согушка кирүүгө макулдашкан деген жыйынтыгын чыгарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россия — Украина чырын курал сыноочу полигон катары пайдаланууда. Маек