150 айылга өзгөчө макам берилет. Өкмөт анын максатын айтты

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерди жайгаштыруу категориясына которуу чечими кабыл алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өлкөдөгү 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мындай аракеттер мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шартын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.
Маселе Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында каралган.
"Ошондой эле өкмөттүн чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерди жайгаштыруу категориясына которуу чечими кабыл алынды. Маселен, Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1,40 гектар жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Долбоорго ылайык, аталган борбор "Достук" чек ара өткөрмө аймагынан 0,86 чакырым аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулушу каралган", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров инфраструктуралык долбоорлор үчүн жерлерди трансформациялоо иштери кылдат жана мыйзам алкагында жүргүзүлүшү керектигин белгилеген.
Министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен Кыргызстандагы канаттуулар жана асыл тукум чарбалары үчүн ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошумчаларынын каттоосун жөнөкөйлөтүү кабыл алынды. Ага ылыйык, Россияда катталган ветеринардык дары-дармек каражаттары ЕАЭБ мамилекеттеринде таанылат жана сатып алуучунун мамилекетинде кошумча мамлекеттик каттоо талап кылынбайт.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Мындай чечим өлкөдөгү башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу жана көзөмөл системасын күчөтүү максатында кабыл алынганын кошумчалашты.
Кыргызстанда беш объектиге стратегиялык статус берүү сунушталды