Сары-Жаз ГЭСи курулса энергетикалык каатчылыктан чыгууга жол ачат. Маек

Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Бул иш 1980-жылдардан бери айтылып, бирок долбоор ишке ашпай келген.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов болду. Биз Кыргызстандагы Сары-Жаз жана башка чакан ГЭСтердин курулушу тууралуу сүйлөштүк.
"Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясы" ЖАКтын директору Чоробай Акунов
— Сууга болгон муктаждык Орто Азияда негизги көйгөйгө айланып калганы белгилүү. Алдыда кыштан кантип чыгабыз деген маселе турат. Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү да былтыркыдан аз...
— Ооба, эки жылдан бери кышкысын сырттан импорттоп электр энергиясын алып келип жатабыз. Быйыл Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү майда 9 миллиард метр кубду түздү. Бул былтыркыдан аз. Өзбекстан аркылуу транзит үчүн төлөп Түркмөнстандан да сатып келдик. Казакстандан "кайра электр энергиясын беребиз" деген убада менен алуудабыз. Өкмөт аралык келишимдин негизинде кайра кайтарып берүүгө милдеттүүбүз. Ошол себептен да Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга камданып жатышат. Учурда жол жасап, туннелдин калган 150 метринин долбоорун бүтүп, керектүү шаймандарды ташып барып инфраструктурасын куруудабыз. Камбар-Ата ГЭСин салууда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары, өнүккөн өлкөлөр да кызыкдар болуп жатат. Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1 100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Негизи Сары-Жазга ГЭС куруу демилгеси 1982-жылы эле башталган. СССРдин Суу чарба министрлиги дарыянын кубаттуулугун, географиясын, көлөмүн аныктоо боюнча тапшырма берип, техникалык-экономикалык негиздемесин түзгөн. Советтер Союзунун мамлекеттик планынын 1984-жылдын 10-октябрындагы №16 токтому менен ГЭС курууну долбоорлоо башталган. Аларга: Куйлук ГЭСи, Эңилчек ГЭСи, Кайыңды-Эңилчек ГЭСи, Ак-Шыйрак ГЭСи жана Какшаал ГЭСи кирет. Эгерде аталган долбоорлор ишке ашса, республиканын түндүк бөлүгүн электр энергиясы менен толук камсыздай алабыз. Мындан тышкары, курула турган гидроэлектрстанциялар Кытайга да, Кыргызстанга да пайда алып келет. Орточо эсеп менен саатына 4 миллиард 760 миллион киловатт электр энергиясын өндүрөт. Негизи Сары-Жаз Кытайды көздөй агат, алар өз жагына эки ГЭС куруп алган. Убагында Апас Жумагулов ГЭС куруу үчүн Министрлер Советине чейин барып, аракетин көрүп жүрдү. Акылбек Жапаров да муну жакшы билет. Азыр да Кытай менен биргелешип куруу ниетибиз бар. Анткени 4 миллиард 760 миллион киловатт-саат өтө эле көп. Анын жарымы эле бизде калса Ысык-Көл, Нарын, Чүйдү электр менен толук камсыз кыла алабыз.
— Бизден чыккан суунун Кытайга кирип кеткени өкүнүчтүү. Биргелешип ГЭС куруудан кандай пайда табабыз?
— Биздин адистер кытайлар менен сүйлөшүп, ГЭС куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүп эки тарапка кирешесин эсептеши керек. Ошол шарт менен бизге да линия аркылуу электр кубаттуулугун жеткирип берүүсү зарыл. Ал үчүн жок дегенде Кеминге чейин 500 киловаттык линия тартуу керек. Нарын менен Ысык-Көлдө деле кышкысын электр кубаттуулугу жетишсиз болуп калат. Токтогул ГЭСинен Нарын, Чүй, Ысык-Көлгө электр энергиясын жеткирүүдө көп жоготуу болот. Мунун сапатка да, өндүрүшкө да зыяны тиет, жабдыктар иштен чыгат. Ал эми бизден ашкан электр энергиясын кайра Кытайга сатуу сунушталат. Анткени бизге да электр энергиясынын экспортунан акча түшүп турушу зарыл.
Кыргызстанда өзүн-өзү камсыздоого жеткидей мунай кору бар. Маек
— Сары-Жаз дарыясы борбордук Тянь-Шанда жайгашып, Сары-Жаз кырка тоосунун мөңгүлөрүнөн эрип чыккан суу. Географиялык катаал аймакта жайгашкан. Нарын дарыясына салыштырмалуу климаты да, жетүү да кыйын. ГЭС куруу оор болбойбу?
— Азыркы күндө ГЭС куруу жаатында технология кыйла өнүктү. 2007-жылы Норвегияга барып келгем. Тоолор келип эле деңизге такалып калат экен. Тоолордун арасында 150-100 МВт болгон модификацияланган ГЭСтерди салышыптыр. Биз деле мындай шартта коркпой эле койсок болот.
— Бул маселе 1980-жылдардан бери 2-3 ирет көтөрүлүптүр. Эмнеге ГЭС ушул убакка чейин курулбай келди? Саясий да себептери барбы?
— 1982-жылдан кийин мамлекеттик планга киргизилип, тапшырма берилген. Долбоор иштелип чыгып, 1990-жылдардын башында Сары-Жазга гидроэлектростанция салынарда Союз тарап кетти. Ошол бойдон аягына чыккан жок. 1995-жылдары маселе бир ирет көтөрүлүп, бирок "жер шарты абдан катаал экен, андан көрө бул жактагы ГЭСтерди куралы" деп сүйлөшүлүп, Нарындын ылдый жагындагы ГЭСтерге өткөнбүз. Ошону менен бизде электр энергиянын запасы көптүгүн айтып, анча деле көңүл бөлбөй койдук. 2000-жылдан бери калктын керектөөсү өстү. Инвесторлорго жасалган презентацияда техникалык параметрлерин эле көрсөтүп, бирок ГЭС куруунун экономикалык пайдасын (канча жылда акчасын кайтарып алат, тариф саясаты) ачып бере албадык. Келген инвесторлор тарифтин акчасын угуп, ГЭС курууга салган акчасын 30-40 жылдан кийин гана аларын билип кетип жатышты. Ошол себептен инвестор тарта албадык.
— Биргелешип ГЭС курууда Кыргызстандын үлүшү кандай болушу керек?
— Акционер болуу үчүн 50-51 пайыздан ашыгы бизде болушу шарт. Учурда Кыргызстандын Энергетика министрлигиндеги адистер бардык вариантын эсептеп чыгып, кызыкчылыгыбызды карап, анан өкмөткө сунуш берет деген ойдомун. Менимче, жумшала турган акча тең чыгарылып, 51 пайыздан ашык акция, башкаруу бизде болушу керек.
— 2008-2010-жылдары эле Кытай бизге Сары-Жаз дарыясына үч гидроэлектростанция курууну сунуштаган экен. Бирок кайсы бир себептерден улам баш тартканыбызды айтышат…
— Экономикалык эмес, техникалык жагын эсептей берип көп инвестициядан калып калдык. Гидроэнергетикада басымдуу кубаттуулукту көбөйткөнгө шарт көп эле болсо да пайдалана алган жокпуз. Анткени алар менен ар тараптан тыгыз иштешиш керек эле. Бизде электр энергиясын өндүрүшкө бербейбиз. Башка пайда таппай эле туруктуу тариф менен элге сатып отурганда инвестор өзү банкрот болот да. Мындай шартка эч ким келбейт.
Эми Кытай менен курула турган 6 ГЭСтин иши уюштурулушуна, техникалык негиздемесине жараша 6-7 жылда бүтүп калат го.
Сары-Жаз дарыясы
— Мындан тышкары да бизде 7-8 ири бассейн бар. Сары-Жаздан башка Орто-Токой, Төрт-Күл, Кара-Көл гидростанцияларын куруу керектигин айтышат. Муну өкмөт да белгиледи...
— 2019-жылы кеңешчи катары "Улуттук энергохолдингде" иштегем. Ошондо жумушчу топ түзүп, сиз санаган төрт суу сактагычты жеринен барып көрүп, мурунку изилдөөлөр менен салыштырып болжолдуу түрдө техникалык-экономикалык негиздеме жасаганбыз. Эң кирешелүүсү — Киров суу сактагычы. Андан кийин Орто-Токой, Папан. Суу сактагычка ГЭС курганда эң эле кубаттуу иштегени үч айга созулат. Ушул аралыкта сугатка гана беребиз. Андан кийин калган суулар менен эле иштеп калат. Суусамыр, Көкөмерен, Казарман каскадындагы ГЭСтер да бар. Казарманда Ала-Бука, Кара-Булак-1, Кара-Булак-2, Тогуз-Торо ГЭСтерин курууга болот. Булар көп изилдене элек. Бирок Советтер Союзунда энергетиктер барып изилдеп көрүшкөн. Буга чынында көп каражат кетет. Ошондуктан алгач Камбар-Ата-1 жана Сары-Жаз өңдүү эң маанилүү ГЭСтерге аракет кылып жатабыз.
— Эгемендикти алгандан бери ири деле ГЭС курбаптырбыз. Жакында Бала-Саруу ГЭСи салынып баштаганын кабарлашты. Курулуш кандай жүрүп жатат?
— Бала-Саруу ГЭСи ошол Киров суу сактагычында курулуп жатканын уктук. Бирок барып келбегенден кийин иштин жүрүшү тууралуу айта албайм. Биринчи агрегаты 2023-жылдын 22-декабрында, ал эми экинчиси 2024-жылы бүтөрүн айтып жатышат. Бирок суу сактагычтагы ГЭСтер сезондук гана гидроэлектростанция болуп калат. Учурда Кыргызстанда чакан ГЭСтер көп салынууда. Көлдө, Нарында, Лейлекте, Кадамжайда, Ноокатта, Кара-Кулжада, Сузакта жана Базар-Коргондо курулуп жатат. Мунун баарын колунда бар кишилер өздөрү курууда. Алар тарифке карабай өндүрүшкө коюп коёрун айтышкан.
— Энергетикалык каатчылыктан жакын арада чыга алабызбы?
— Өкмөт аракет кылып жатат. Бирок 30 жылдан бери кыйынчылыкка батып калганбыз. Болгону ушул аралыкта Камбар-Ата 2нин биринчи агрегатын жасап, ЖЭБдин кубаттуулугун бир аз көтөрүп койдук. Башка иш жасалган эмес. Азыр Камбар-Ата-1, Сары-Жаз ГЭСинен тышкары чакан ГЭСтерге жол ачылды. Күндөн энергия алууну да жолго коюп жатабыз. Ушундай аракет менен эки жылда чыгышыбыз мүмкүн. Учурда ГЭСтердин жабдыгы эскирген. Үч-Коргон ГЭСине акча бөлүнүп, жаңыланганы жатат. Токтогул ГЭСинин бир агрегаты бүттү, экинчисин оңдоого чыгарды. Ал жакта реконструкция жүрүп жатат. Мурда 300 МВт болсо, азыр ар бир агрегаты 360 МВт иштеп чыгат. Эгер төрт агрегаты тең бүтө турган болсо, кошумча 240 МВт кошулат. Ат-Башы ГЭСинин реконструкциясы бүттү. Шамалды-Сай, Күрп-Сай болсо тигилерге караганда жаңыраак ГЭСтер, бирок аларда модернизация, автоматизация иштери жүрүүдө.
Суу азаят, Кыргызстан сууну башкаруу саясатын өнүктүрүшү керек. Адистин маеги