Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери Херсон менен Крымдын ортосунда турган көпүрөнү аткылашты

Алдын ала маалыматтарга караганда, англиялык Storm Shadow ракеталары колдонулган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунун администрациялык чек арасы менен Крымдын жанындагы Чонгар аймагынын ортосунда турган көпүрөнү аткылоого алышты. Бул туурасында облустун губернатору Владимир Сальдо Telegram каналына жазган.
"Киевдик террорчулар херсондуктарды коркутуп, элди дүрбөлөңгө салуу ниетинде. Бирок алар ойлогондой болбойт. Көпүрөнү тез оңдоо колубуздан келет, машиналардын каттамы жакында кайрадан жанданат", — деп убада берген Сальдо.
Ал берген маалыматтарга караганда, англиялык Storm Shadow ракеталары колдонулган. Көпүрөнүн жолдору талкаланган, бактыга жараша, адам өмүрү кыйылган эмес. Транспорт резервдик каттам менен жүрө баштаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский "контрчабуул" үчүн Батыштан эмне сурап алды? Сереп