Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев эми өлкөнүн кызыкчылыгын Израилде да коргойт

Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Израилде өкүл болуу вазийпасы жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Израиль мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды