Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров. Архив
Парламенттин имаратына буга чейин Мадумаровдун тарапташтары чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Бул тууралуу эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков билдирди.
Депутаттык комиссия чогулуп, маселе жабык режиминде каралды. Жыйын бүткөндөн кийин Исхак Масалиев тышта күтүп турган журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Мадумаровду бир берене боюнча, тагыраагы, кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү протоколго кол коюшу боюнча жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.
Парламенттин имаратына буга чейин Мадумаровдун тарапташтары чогулуп, саясатчыга тийишпөөнү талап кылышкан.
Эске салсак, 2023-жылдын 31-майында башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн макулдук сураган. Шакиев башкы прокурор Мадумаровду төмөнкүдөй кылмыштарды жасаганы үчүн жоопко тартууну сурап жатканын билдирген:
Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси — "Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү";
36-326-берене — "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү";
338-берененин 3-бөлүгү — "Бийликтен аша чабуу" (чек арадагы 275 метрлик асфальт жол боюнча).
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров
"Бийликке сүйрөсө да барбайм". Мадумаров коюлган айыптар боюнча жооп берди