БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык "Эскерүү шамы" патриоттук акциясы өттү. Шаардык мэрия иш-чара "Өчпөс от” мемориалдык комплексине жакын жерде уюштурулганын билдирди.
Акциянын алкагында "Кыргызстан – Ош – Унутулбайт” деген жазуу менен тизилип коюлган шамдар жагылып, митинг-реквием болду, андан соң мемориалга гүл коюлду.
"Эскерүү шамы" – 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта мекен үчүн курман болгон 27 миллион адамдын урматына уюштурулган эл аралык акция. 2009-жылдан бери акциянын катышуучулары аларды эскерүү күнүн утурлай шам жагышат. Мемориалда жагылган миллиондогон шам фашизмди жеңген ата-бабаларыбызды эскерүүнү гана эмес, аларга терең таазим кылуунун, келечек үчүн биргеликте басып өткөн тарыхтын да маанисин туюнтат. Ошондуктан аталган акция ондогон өлкөдө уюштурулуп келет", — дешти мэриядан.
Эскерүү акциясына Россотрудничествонун Ош шаарындагы өкүлдөрү, Россиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консул-кеңешчиси Валерий Катункин, Афганстан согушунун ардагерлер кеңешинин жана Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылынын ыктыярчылары, шаардын жашоочулары, мугалим, окуучу, студенттер катышты.