Кыргызстанга Германиянын федералдык президенти келди

Иш сапардын алкагында ал Садыр Жапаров менен жолугат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда белгиленгендей, Штайнмайерди "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Иш сапардын алкагында Германия президенти Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугат.
"Анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат", — дешти өкмөттөн.
Бишкек менен Чүйдө 21-23-июнь күндөрү жолдор маал-маалы менен жабылат. Тизме