Бишкекте автобусту токтотууда айдоочусу менен жаңжал чыкты. Видео

Айдоочуга Эреже бузуу жөнүндөгү кодекстин эки беренеси боюнча 20,5 миң сом айып салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте патрулдук милиционерлер автобустун айдоочусун кармады.
Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы автобус кечээ күнү жолчулар жаңы эле чийген чийинди тебелеп өтүп кеткенин билдирди. Айдоочу иш жүрүп жаткан жерде конустар тизилип турганына караган эмес. Окуя "Ош" базарынын аймагында болгон.
Милиционерлер аны токтотууга аракет жасаган, бирок 41 жаштагы айдоочу баш ийбей койгон. Бир милиционерди коюп да кете жаздаган.
Коомдук транспортту Чүй менен Жаш Гвардия бульварынан кууп жетишкен. Айдоочу автобейбаштык жасап баш ийбегени үчүн 20,5 миң сом айыпка жыгылды.
Бул арада интернетке окуянын дагы бир видеосу тарады. Аны жүргүнчүлөр тартып алган. Кадрдан айдоочу инспекторлорду сөккөнүн айтып, айыптап жатканын көрүүгө болот.
Жүргүнчүлөр айдоочуга болушуп, эч кандай эреже бузбаганын айтышкан. Ал эми милиционер окуяны видеого тартып, аларды провокаторлор деп атады.
Инспекторлор автобус айып короого киргизилерин айтып, жүргүнчүлөрдөн түшүп калууну суранышкан. Кадрдан айдоочуну автобустан күч колдонуп чыгарышканын көрүүгө болот.
Пресс-борбор
Электросамокатты айдоо боюнча эрежелер. Мыйзам долбоору даярдалууда