Жо Байден Си Цзиньпинди диктатор деп атады

Өлкө башчынын бул сөзүнө чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Си Цзиньпин менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Кытай лидери Си Цзиньпинди диктатор деп атады. Бул тууралуу ал 20-июнда Калифорнияда эл менен жолугушуу учурунда айтканын Reuters жазды.
Байден Си февралда Кытайдын аэростатынын атып түшүрүлүшүнө байланышкан окуя көзөмөлүнөн чыгып кеткени үчүн нааразы болгонун белгилеген.
"Эмне болуп жатканын билбей калуу — диктаторлорго катуу тие турган нерсе. Учуучу аппарат ал жерде болбошу керек эле, багытынан адашып калган", — деди президент.
Кечээ Кытайга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен атып түшүрүлгөн кытай аэростаты боюнча сөз токтошу керектигин билдирген эле. Ошол эле маалда Си Цзиньпин эки өлкөнүн байланышы "өз ара сый-урматка" негизделиши керектигин эскерткен. Ал америкалык мамлекеттик катчынын сапары сууп кеткен мамилени оңдоого салым кошот деп үмүт артып жатканын кошумчалаган.
Блинкен Кытайга 18-июнда келген. Бул — америкалык мамлекеттик катчынын беш жылдан берки Кытайга барган биринчи учуру. Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань, технология жана соода жаатындагы, ошондой эле Америка асманында атып түшүрүлгөн кытай аэростаты сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.
Байден АКШ менен Кытайдын мамилесинде чоң жылыш бар экенин айтты