БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Түнкүсүн уктай албай кыйналгандарга жылуу сүт жардам берет. Мындай кеңешти Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Екатерина Матыскина берди.
"Жылуу сүт тынчтандыруучу эффект берет, ошондуктан аны ичкендер тезирээк уйкуга кетишет. Андагы белоктор эс алдырып, чер жазылгандай сезимди тартуулайт. Мындан тышкары, белок түнкүсүн организмдин кайра калыбына келишине жардам берет", — деди адис.
Диетолог сүткө бал кошуп ичүүгө да токтолду. Анын айтымында, түнкүсүн иче турган сүткө балды бир кашыктан ашык кошпош керек. Себеби бал – тынчтандыруучу эмес, тескерисинче, күч берип, адамды сергитүүчү азык.
"Уктай албай кыйналгандар балга караганда жылуу сүткө жалбыз же ромашка кошуп ичкени туура. Лаванда экстракты да мындай абалда жардам бере алат", — деген Матыскина айрымдарга бул ыкма сунушталбай тургандыгына да токтолду.
Ал белгилегендей, кант диабетинен жабыркагандарга лаванда зыян. Мындан тышкары, арыктоо үчүн диета кармап жаткандар да түнкүсүн сүткө бал жана түрдүү жыттуу дары чөптөрдү кошуп ичпеши керек. Ал эми сүт, бал жана тынчтандыруучу түрдүү чөптөргө аллергиясы жоктор жана жогорудагыдай илдет менен оорубагандар аны жумасына эки-үч жолу ичип койсо болот.