БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Көпчүлүк кыздар канчалык татаал адам экенине карабай атасына окшогон эркектерди тандайт. Мунун себебин РИА Новости агенттигине берген маегинде психолог Артур Тимофеев түшүндүрдү.
“Кыздар атасына окшош эмес, апасы өзү үчүн тандагадай эркекти издейт десек туурараак болот. Анткени кыз үй-бүлөлүк моделди өзүнө апасынын мисалында түзөт. Эркек канчалык урушчаак же кыялы катаал экенине карабай, аны менен болгон мамиле кызга абдан тааныш, ал өзүн кантип алып жүрүүнүн жолдорун жакшы билет”, – деди Тимофеев.
Ошондой эле адис мындай “айлампадан” чыгып кетүү үчүн кызга адиске кайрылуу керектигин кошумчалады. Кыз адис менен биргеликте үй-бүлөнүн башка моделдерин, мурдагыларына карама-каршы келген эркек менен мамиле түзүүнү үйрөнүп, кадимкидей машыгуусу керек.