Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

WP: Украинанын контрчабуулдарда ийгиликке жетиши арсар

Дара Массикот Украина чабуул койгон техникаларынын көбүнөн айрылган, ал эми Россиянын контрбатареялык күрөшү ыкчамдаганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Украинанын контрчабуулдарда чагылгандай болгон ийгиликке жетиши арсар. Бул туурасында The Washington Post жазган.
Автор буга бир нече себептерди келтирген:
Россия Запорожье багытында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуул багытында коргонууну көп курду (траншеялар лабиринти, танкаларга каршы пирамидалар ж.б.);
Россиянын Куралдуу күчтөрү артиллериялык ок-дарыны жетишерлик көлөмдө ташып алган, аларда Украина аскерлерине салыштырмалуу пилотсуз учуучу аппараттар арбын;
Пентагондун мурдагы аналитиги Дара Массикот Украина чабуул койгон техникаларынын көбүнөн айрылганын, ал эми Россиянын контрбатареялык күрөшү кубаттангандыгын, тез боло баштагандыгын белгилеген;
Россиянын ыкчамдык кылып жатканы айтылган, ал эми бул Украина үчүн талуу жер болуп турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Контрчабуул максатына жетпесе АКШ менен НАТО кандай абалга тушугат? Сереп