БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы билдирди.
Эскерте кетсек, ысык суу жыл сайын бир айга өчүрүлүп, бул аралыкта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери жүрөт.
"Жылуулук тармагынын профилактикалык оңдоо жумуштары бүтүп, күз-кыш жылуулук берүү мезгилине даярдануу мезгилинин чегинде жылуулук тармагынын тыгыздыгын жана бышыктыгын гидравликалык текшерүүдөн өткөргөн соң “Бишкек жылуулук тармагы” 2023-жылдын 22-июнунан баштап магистралдык жана андан тараган жылуулук тармагын ысык суу менен толтура баштайт. Ысык суу берүү 2023-жылдын 22-июнунан баштап бериле баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Ишкана элден крандарды текшерип, суу ысыткан жабдууларды өчүрүүнү өтүнүүдө. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса, төмөнкү номерлерге чалып байланышууну сунуштаган:
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69; 1980;
Диспетчердик кызмат: 56-85-58;
Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча дежур инженерлери: (0312) 36-57-19; 30-0767;
Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча дежур инженерлери: (0312) 51-06-22; 21-74-06.