"Ак шумкарлар" CAFA турниринин коло медалы үчүн беттешчү команда белгилүү болду

Коло үчүн мелдеш 20-июнда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup — 2023 эл аралык мелдешинин күмүш медалы үчүн Омандын футболчулары менен кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Билдирмеге ылайык, 17 июнда турнирдин A тайпасында жыйынтыктоочу оюн күнүнүн алкагында Түркмөнстан — Оман жана Өзбекстан — Тажикстан беттештери өткөн. Бул оюндар Кыргызстан курамасынын турнирдин көңүл жубатуучу финалындагы каршылашын аныктамак.
"Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстан курамасы Иран курамасы менен финалда беттешет. Турнирдин коло медалы үчүн Кыргызстан менен Оман командалары кез келет", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан – Оман футболчуларынын беттеши 20-июнда Ташкенттеги "Пахтакор" стадионунда өтөт.
Союздан белгилешкендей, кийинки жылдын январь айында старт ала турган Азия кубогунда Оман курамасы Кыргызстандын футболчуларынын тайпа боюнча атаандашы болот.
Бишкектеги Кыргызстан менен Ирандын футболчуларынын беттеши. Кызыктуу ирмемдер